Перевод для слова "Финансовый отчет компании"

Русско-кыргызский словарь экономических терминов
+ Добавить категорию
компаниянын каржылык отчёту (экономикасы рынок шартында өнүккөн өлкөлөрдөгү компаниялардын мыйзамдуу берилүүчү отчёту, айрыкча алар баалуу кагаз чыгаруу менен иштей турган болсо. Компаниянын отчётуна компаниянын жалпы финансылык балансынан түшкөн пайда жана чыгашалар тууралуу компаниянын отчёту. Бул документтер финансылык отчёт катары жыл сайын пайщик менен акционерлердин кароосу менен бекитип берүүсүн талап кылат. Ачык түрдөгү компаниялардын финансылык отчёту сырткы аудит сырткы аудит тарабынан жыйынтыкталуу менен мезгилдик басма сөз каражаттарында басылып чыгуусу керек. Жалпы финансылык отчётту түзүү эрежеси: түшкөн пайда, чыгымдар отчёту, соода укугу менен жөндөлүп, жетекчинин доклады катары – компаниянын жалпы иштерди жүргүзүүсү жөнүндө түшүнүк кирет; капиталдык салымдын түзүмү жөнүндө; өзүмдүк фонд жана анын резервдери; компаниянын карыздары, иштеген кишилердин жана жетекчилердин саны, келечектүү программалар жөнүндө, түшкөн пайданы бөлүштүрүү, чыгымдарды жабуу ж.б. Салык органдарына бериле турган финансылык отчет, кээде салык нормаларынан айырмаланып калышы мүмкүн, андай айырмачылыктар болсо аны да көрсөтүү зарыл)
comments powered by Disqus